Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. ФИФА 2026-жылдагы дүйнө чемпионатындагы эң кооз голду аныктады.
ФИФАнын маалыматына караганда, Кабо-Верде курамасынын коргоочусу Сидни Кабралдын Аргентинага киргизген голу 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын эң кооз голу деп табылды.
Аргентина менен болгон 1/16 финалдык беттеште Кабрал алыстан укмуштуудай сокку жасап, топту атаандаштын дарбазасынын "тогуздугуна" багыттап, эсепти 2:2ге жеткирген. Бирок жыйынтыгында аргентиналыктар 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен. Ошого карабастан, Сидни Кабралдын голу ФИФА тарабынан өзгөчө белгиленди.
Добуш берүүдө африкалык футболчунун голу Өзбекстандын курамасынын оюнчусу Элдор Шомуродов менен Гаитинин курамасынын футболчусу Вильсон Изидордун голдорунан озуп, биринчи орунду ээледи. Алар тиешелүүлүгүнө жараша экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешти.
Дүйнө чемпионатынын мыкты оюнчусу Испания курамасынын капитаны Родри аталды. Анын командалашы Унаи Симон мыкты дарбазачы деп табылды. Ал эми 19 жаштагы Пау Кубарси дүйнө чемпионатынын мыкты жаш оюнчусу наамына ээ болду.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Мексика жана Канадада өттү. Финалда Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңген Испания чемпион аталды.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты биринчи жолу үч өлкөдө биргелешип өткөрүлүп, мелдешке 48 команда катышты. АКШ, Канада жана Мексикадагы стадиондордо көрүүчүлөрдүн саны боюнча рекорд жаңыланып, 104 беттешке жалпысынан 6 млн 810 миң 966 күйөрман келди. Мелдеште 308 гол киргизилип, бир оюнга орточо 2,96 голдон туура келди.
Кийинки футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2030-жылдын жай айларында өтөт. Мелдештин негизги бөлүгү Испания, Португалия жана Марокконун стадиондорунда уюштурулат. Мындан тышкары, Аргентина, Уругвай жана Парагвай бирден беттешти кабыл алат.