Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл дүйнөлүк суу-мотор спортунун борборуна айланат. 31-июлдан 2-августка чейин бул жерде Борбор Азиянын тарыхында алгачкы жолу абройлуу UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын "Кыргызстандын Гран-приси – Ысык-Көл 2026" этабы өтөт.
Учурда Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө дүйнөнүн эң мыкты пилоттору келип, негизги жарыштарга даярдык көрүп жатышат. Командалар жогорку ылдамдыктагы кайыктарын жөндөп, техникаларын текшерүүдө.
Белгилей кетсек, эртең алгачкы жарыштар өтөт. Анда пилоттор суунун абалын, жарыш тилкесинин өзгөчөлүктөрүн баалап, чечүүчү таймаштарга даярданышат.
Алдыда үч күнгө созулган кызыктуу таймаштар, жогорку ылдамдык жана Кыргызстан үчүн тарыхый окуя күтүлүүдө. Ысык-Көл биринчи жолу F1H2O дүйнө чемпионатынын этабын кабыл алып, миңдеген күйөрмандар дүйнөлүк деңгээлдеги суу үстүндөгү таасирдүү шоуга күбө болушат.