Ысык-Көл, 02.08.26. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда алгачкы жолу суудагы “Формула-1” мелдештери өтүүдө. Зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө эки ай убакыт кеткендигин “Кабар” агенттигине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев билдирди.
Анын айтымында, суудагы “Формула-1” келечектүү спорт түрү болуп саналат.
“Биз аны мамлекеттик реестрге киргизип, расмий түрдө спорттун түрү макамын ыйгардык. 2027-жылдан тарта мелдештерди түздөн-түз мамлекеттик агенттик өзү өткөрөт”, — деди ал.
Асанбаев спорттун бул түрү үчүн керектүү база буга чейин эле түзүлгөнүн белгиледи.
“Эми спортчуларды каржылоо маселесин чечүү керек. Бул үчүн өзүнчө бюджет каралат, мелдештер бирдиктүү календардык планга киргизилет жана мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөт”, — деп айтты ал.
Эске салсак, F1H2O боюнча эл аралык чемпионат Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтүүдө.