Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Көптөгөн масштабдуу көйгөйлөрдүн, анын ичинде жагымсыз демографиялык кырдаалдын, климаттын өзгөрүшүнүн жана геосаясий чыңалуунун фонунда Европа жана Борбордук Азияда билим берүүнүн, өзгөчө жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу экономикалык өсүштү камсыздайт. Мындай тыянак “Экономикалык өсүштү тездетүү үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” аталган Дүйнөлүк банктын жаңы докладында айтылган.
Маалым болгондой, инновациялык потенциалды жана экономикалык өнүгүүнү калыптандыруу жана ишке ашыруу үчүн калктын жогорку билим деңгээли өтө маанилүү.
Ал эми Бүткүл дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча экономисти Ивайло Изворски Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө билим алууга болгон мүмкүнчүлүк мактоого татыйт, бирок билим сапаты, айрыкча техникалык жана жогорку кесиптик билимдин сапаты 10 жылдан ашык убакыттан бери төмөндөп жатканын Дүйнөлүк банктын докладына карата презентациясында билдирди.
Белгиленгендей, акыркы 10 жылдын ичинде, айрыкча COVID-19 пандемиясынан кийин 15 жаштагы орто мектеп окуучуларынын арасында билим деңгээлин баалоо боюнча эл аралык PISA программасынын алкагында тестирлөөнүн натыйжалары буга далил болду.
Ал эми билим берүүнүн сапатын бир кыйла жогорулатуу үчүн презентацияда төмөнкүдөй негизги сунуштар берилген:
- Кесиптик-техникалык билим берүүнү реформалоо.
- Билим берүү уюмдары, университеттер менен өндүрүш, өнөр жай тармактарынын байланышын жакшыртуу.
- Университеттерди бириктирүү.
- Илимий изилдөө институттарын университеттер менен бириктирүү.
- Университеттин каржылоосун иштин натыйжалары менен байланыштыруу.
- Университеттерге кабыл алуунун ачык-айкын системасын түзүү.
- Баалуу кадрларды колдон чыгарбоо: аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына каржылык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берүү.
Ошондой эле экономист Ивайло Изворскинин презентациясында чет өлкөгө иштөө үчүн кеткен жарандар өз кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу менен өлкөдө иштөөгө тийиштүү шарттар түзүлсө, тажрыйба топтоо менен айрымдары кайта кайтып келишээри жазылган.
Докладдан белгилүү болгондой, Европа жана Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрдө мектепте билим берүүнүн орточо узактыгы 12,6 жылды түзөт, бул башка көптөгөн өнүгүп келе жаткан аймактарга караганда узак. Жогорку билим берүүнүн көрсөткүчү да жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгаруунун дүйнөлүк орточо деңгээлинен жогору турат. Times Higher Education басылмасынын рейтинги боюнча бүткүл Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча 9 гана жогорку окуу жай дүйнөдөгү 500 мыкты жогорку окуу жайлардын катарына кирет.