Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү ИДПнын бирдигин өндүрүүгө ЕБ өлкөлөрүнөн 3 эсе көп энергия сарпташат - Дүйнөлүк банк

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 09:46
WhatsApp Image 2025-02-05 at 06.44.08 (1).jpeg
copyright icon Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Европа жана Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөр Европа биримдигиндеги мамлекеттерге салыштырмалуу ички дүң продукциянын бирдигин өндүрүүгө үч эсе көп энергия сарпташат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча экономисти Ивайло Изворски 2024-жылга карата дүйнөлүк өнүгүү тууралуу докладдын презентациясында билдирди.

Анын айтымында, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүш кыйла көп энергияны талап кылат дегенди түшүндүрөт.

Изворски билдиргендей, өнүккөн өлкөлөрдө кирешелердин жогорулашы менен энергияны керектөө да өсөт.

Бирок, буга карабастан, аталган аймактагы калктын киши башына энергияны керектөөсү өнүгүп келе жаткан рынокко ээ өлкөлөргө караганда төмөн.

Экономисттин айтымында, эгерде аймактагы өлкөлөр ИДПнын бирдигин өндүрүүгө энергия керектөөнү азайтса, бул ишканалардын кеңейишине шарт түзөт, ишкерлик жана калк үчүн энергия менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашын азайтууга жардам берет.

Бирок Изворски учурдагы төмөнкү көйгөйдү белгиледи, күйүүчү майга болгон эбегейсиз субсидиялар регионду дүйнөдөгү эң субсидияланган аймакка айландырууда.

Бул субсидиялар ИДПнын болжол менен 5 пайызын түзөт. Ал эми алардын эң чоң үлүшү Россия, Казакстан, Азербайжан жана Сербияга туура келет. Атап айтканда, аймактагы бардык субсидиялардын 70 пайызы эле Россияга туура келет.