Ташкент, 14.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Европа Кеңешинин президенти Антонио Коста жана Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Лейен 3-4-апрелде ЕБ - Борбор Азия биринчи саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга келет, деп билдирди Евробиримдиктин Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Саммитке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев төрагалык кылып, ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери катышат.
«Саммит Европа биримдиги үчүн эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана Борбордук Азия менен аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзүнүн геосаясий кызыкчылыгын көрсөтүүдө негизги мүмкүнчүлүк болот», — деп айтылат билдирүүдө.
Саммиттин жүрүшүндө ЕБ өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө, анын ичинде транспорт жана санариптик байланышта – аймактын ичинде жана ЕБ менен стратегиялык чийки зат, экономика жана коопсуздук, таза жана эффективдүү энергия булактарына өтүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу ырасташы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия үчүн жаңы Стратегияны кабыл алган, анда Евробиримдиктин кызыкчылыктары үчүн аймактын стратегиялык маанилүүлүгүнүн жогорулашы баса белгиленген. Жаңыланган стратегия Борбор Азия мамлекеттери менен күчтүү жана инклюзивдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.
ЕБ региондун экинчи ири соода өнөктөшү жана ошондой эле Борбор Азиядагы инвестициянын 40%дан ашыгын түзгөн эң ири инвестор болуп саналат.
Мурда айтылгандай, өткөн жылы Евробиримдик жаңы өкмөттү түзгөнүнө байланыштуу саммит 2024-жылдан 2025-жылга жылдырылган.