Эт менен картошкага болгон баа ушул жумада турукташуусу күтүлүүдө - Мамыралиев

Экономика Загрузка... 03 Февраль 2025 14:22
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Өлкөдө эт менен картошкага болгон баа ушул жума ичинде турукташуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада этке жана картошкага болгон баалардын жогорулагандыгы байкалды. Бүгүнкү күндө бааларды турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

“Эттин баасынын өсүшүнө экспортко малдын көбүрөөк ташылышы бирден бир себеп болду. Буга байланыштуу эттин базарга түшкөн көлөмү азайгандыктан суроо-талап өсүп, эттин баасы жогорулаган. Мындан улам бааларды жөнгө салуу максатында мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салуу чечими кабыл алынды. Бул чаралар жакын арада өз натыйжасын берет. Этке болгон баалар турукташат. Ал эми картошкага болгон баа тууралуу айта турган болсок, картошка ички рынокко аз көлөмдө чыгып, дыйкандар көбүнесе сыртка сатууга басым жасашкандыктан кээ бир аймактарда, өзгөчө түштүктө анын баасы өсүп кеткен. Бааларды турукташтыруу максатында ал жакка картошка башка региондордон жеткирилет. Ушул жума ичинде тиешелүү иштер жүргүзүлсө, баалар турукташат”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары 2-февралга карата азык-түлүктүн баасынын мониторингинин жыйынтыгында эт менен картошканын базардагы орточо баасы тууралуу буларды айтты.

“Ош шаарында уйдун эти 650 сом, Талас облусунда 550 сом, Ысык-Көл облусунда 600 сом, Нарында 580-600 сомдон сатылууда. Ал эми картошканын өлкө боюнча орточо баасы 50-60 сомду түзүп жатат. Ысык-Көлдө – 40 сом, Бишкек шаарында – 40-50 сомдон, түштүк региондордо 50-60 сомго чейин сатылууда”, - деди Айбек Мамыралиев.