Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көлөмү 0–13 мм болгон майда көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Тийиштүү адистер бул талаптардын аткарылышын текшерүү үчүн көмүр кампаларында рейддерди жүргүзүүдө.
"Алар көмүрдүн курамын, радиациялык фонун жана майда көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга коюлган чектөөлөрдүн сакталышын текшерүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин көмүр кампаларынын жана соода түйүндөрүнүн ээлерине 40 ирет түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптары боюнча эскертүүлөр берилди", - дешти министрликтен.
Белгилей кетсек, мындай чектөө 2025-жылы министрлер кабинетинин токтому менен киргизилген. Ал жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларга жеткириле турган көмүргө жайылтылбайт. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө улантылып, мыйзам бузуу аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.