Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү санариптештирилет

Жогорку Кеңеш Загрузка... 24 Июнь 2026 15:15
19871118.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.

Мыйзам долбоору менен Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев тааныштырды.

"Мыйзам долбоору тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуугун, ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган. Конституциялык мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп маалыматтарды талдоого негизделген мамлекеттик аудиттин заманбап моделине өтүү, тобокелдикке багытталган жана алдын алуучу ыкманы киргизүү, ошондой эле аудитордук ишти санариптештирүү болуп саналат", - деди ал.