Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Эртең, 6-февралда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы шаардын таза суу түтүктөрүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин пландоодо.
Аталган иштердин алкагында өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Скрябин - Тыныстанов - Радищев - Панфилов - Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин - Л.Толстой жана Панфилов көчөлөрү.
"Урматтуу шаардыктар! «Бишкексууканал» муниципалдык мекемеси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат",-деп айтылат маалыматта.