Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин алкагында Жыргалаңда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө эки асма жолдун курулушу аяктап, техникалык жактан ишке киргизилди. Ошондой эле лыжа трассаларын курууга даярдыктар башталды. Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин "Ала-Тоо Резорттун" үч аймагындагы бардык трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жакын болот. Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө. "Кабар" агенттиги Кыргызстандын негизги стратегиялык демилгелеринин бири болгон "Ала-Тоо Резорт" долбоору жана ага салынып жаткан инвестициялар тууралуу баяндайт.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, кышы-жайы дебей тоо туризмин өнүктүрүүгө шарттар кеңири. Жергиликтүү эс алуучулар гана эмес, чет элдик туристтер да жаратылышы кооз жерлерди кыдырууну адатка айландырышууда.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына "Ала-Тоо Резорт" комплексин куруу үчүн 2024-жылы 3 916 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. "Ала-Тоо Резорт" — бул Кыргызстандагы гана эмес, Борбор Азиядагы эң ири төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластерлердин бири.
Долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын камтып, келечекте жалпы узундугу болжол менен 250 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат. Курорт жылдын төрт мезгилинде иштеп, кышкы спортту гана эмес, жайкы туризмди, экотуризмди жана активдүү эс алууну да өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып, мамлекеттин көзөмөлүндө турат.

Учурда долбоордун биринчи этабы активдүү ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан В-1 жана В-2 асма аркан жолдорунун курулушу толук аяктап, президенттин катышуусу менен техникалык ишке киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Ала-Тоо Резорт” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, дагы төрт жаңы асма аркан жолунун курулушу башталды.

Муну менен катар, жалпы узундугу болжол менен 47 чакырымды түзгөн алгачкы лыжа трассаларын долбоорлоо иштери да жүрүүдө. Бул бардык категориядагы эс алуучуларды кабыл алууга жана тиешелүү сертификаттарды алгандан кийин келечекте эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Курорттун негизги инженердик инфраструктурасы — таза суу, электр энергиясы менен камсыздоо, саркынды сууларды тазалоо системалары, унаа жолдору жана ички технологиялык жолдор активдүү курулууда. Каракол – Жыргалаң багытындагы 65 чакырымдык жол салынып жатат. Боз-Учук – Жыргалаң жолунун 14,5 чакырымына асфальт төшөлүүдө жана узундугу 8,5 чакырым болгон альтернативдүү жол да курулууда”, - деди ал.
Мамлекеттик маанидеги ири долбоорго ылайык, курорт үч шаарчадан турат: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук.

“Ала-Тоо Резорт” долбооруна болгон кызыгуу жыл сайын өсүүдө. Жаркынбек Максүтов белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жалпы 50 инвестициялык лоттун 39у сатылды. Алардын арасында жергиликтүү инвесторлор менен катар чет өлкөлүк инвесторлор дагы бар.

“Учурда 20дан ашык инвестор өздөрүнүн мейманкана, апартамент, коттедж жана башка туристтик объектилеринин курулуш иштерин башташты. Долбоордун инфраструктурасы өнүккөн сайын инвесторлордун саны дагы көбөйөрү күтүлүүдө", - деп айтты ал.

2026-жылдын аягына чейин Жыргалаңда биринчи этаптын алкагында кандай объектилерди пайдаланууга берүү пландалууда?
- 6 заманбап асма жол;
- лыжа трассаларынын биринчи бөлүгү – 46 чакырым;
- инженердик инфраструктура объектилери;
- ички жолдор;
- туристтерди кабыл алууга багытталган айрым мейманкана жана сервис объектилери;
- коммуналдык жана техникалык камсыздоо системалары;
- Негизги коммуникациялар, суу, саркынды суулар, электр энергиясы менен камсыздоо.

Учурда "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун алкагында курулуш тармагында жана подряддык уюмдарда жүздөгөн жарандар эмгектенүүдө. Долбоор толук ишке киргенден кийин 7 миңден ашык туруктуу жумуш орундарын түзүү пландалууда. Мындан тышкары, 2026-жылдын декабрь айында курорттун биринчи этабы ишке берилгенде, дагы жүздөгөн кошумча иш орундарын түзүү каралууда. Бул убакытка чейин алгачкы лыжа трассалары, алты асма жол, административдик имараттар, ижарага берүү пункттары жана унаа токтотуучу инфраструктура пайдаланууга берилет.

Жаркынбек Максүтов кошумчалагандай, инвестициялык лоттордун аукционунун төртүнчү этабын өткөрүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада аукциондун төртүнчү этабын расмий жарыялоо пландалууда.
"Жаңы инвестициялык лоттор ички жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн сунушталып, курорттун туристтик жана инженердик инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деп белгиледи ал.
Буга чейинки аукциондо ички инвестор, ишкер Төлөмүш Жолдошбеков беш жылдыздуу мейманкананы куруу үчүн жер тилкесин сатып алган. Мамлекет тарабынан ишкерге имараттын курулушунун долбоору берилген. Ага ылайык, курулуш иштери быйыл апрель айында башталган.

Төлөмүш Жолдошбеков "Кабар" агенттигине маалымдагандай, 2027-жылдын 1-декабрында алгачкы конокторду кабыл алууга даяр болууга аракеттер көрүлүүдө. Долбоорго 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты салынууда.

"Учурда жеринде иштеп жаткан курулушчуларыбыздын саны 50 адамга жетет. Имараттын ички жасалгалоо иштери башталганда жумушчулардын саны 100гө чамалайт деп ойлойм. Ал эми мейманкана толук ишке киргенде, биздин эсеп боюнча 60-70 кишини иш менен камсыздайбыз. Алардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунун тургундары болот. Жетишпеген адистерди да башка облустардан тартабыз. Биздин эсептөөлөр боюнча 5 млн доллардын тегерегинде инвестиция салынууда. Биз сапаттуу материалдарды алууга басым жасап жатабыз. Беш кабаттуу мейманканабыздын биринчи кабатында кабыл алуу жайы, СПА-салон, ресторан, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттарда мейманкананын 40тан ашык номери, бешинчи кабатта бассейн, машыгуу залы жана ресторан болот " - деди ал.
Ошондой эле Төлөмүш Жолдошбеков өлкөдөгү ички инвестор катары мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорго өз салымын кошууну чечкенин айтып өттү.

“Биз курулуш тармагында иштеп жүргөндүктөн бул долбоор кызыктырды. Кыргызстандын тарыхында чоң долбоор катары “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа комплекси курула тургандыктан, биз да катышууну чечтик. Алгач бизге кагаздардагы долбоорлорду гана көрсөтүшкөн. Мына ошол айтылган сөздөр ишке ашып, биз салып жаткан мейманканага чейин электр энергиясы, жол, таза суу, саркынды суу системалары киргизилип жатат. Эки асма жол пайдаланууга берилди”, - деп белгиледи инвестор.
Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин “Жыргалаң” курорттук шаарчасындагы лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды, ал эми “Ала-Тоо Резорттун” үч аймагындагы бардык трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жетет.

Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.