Эмма Кимиляйнен: Суудагы "Формула-1де" талант маанилүү

Спорт Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 11:45
WhatsApp_Image_2026_Uno9vdE.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын финляндиялык пилоту Эмма Кимиляйнен автоспортто аялдардын эркектерден артык экенин далилдөөгө эч качан аракет кылбаганын, анын негизги максаты суу үстүндө мүмкүн болушунча ылдам жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуу болгонун айтты.

Журналисттердин аял киши дүйнөнүн мыкты пилотторунун арасында мелдешүүгө канчалык кыйын экендиги тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Кимиляйнен 37 жылдан бери уланып келе жаткан спорттук карьерасында дээрлик дайыма катышуучулардын арасында саналуу аялдардын бири, айрым учурда жалгыз аял пилот болгонун белгиледи.

"Спорттук карьерамдын дээрлик бардык мезгилинде мен пилоттордун арасында саналуу аялдардын бири, кээде жалгыз аял болдум. Бирок мен үчүн бул эч качан жыныс маселеси болгон эмес. Сууда эркексиңби же аялсыңбы мааниси жок. Бул жерде эң башкысы - кайыкты канчалык жакшы башкара аларың жана жыйынтык үчүн күрөшүүгө канчалык даяр экениң", - деди спортчу.

Кимиляйненин айтымында, көп жылдык тажрыйбасы менен ал аялдар суу-мотор спортунун эң татаал жана экстремалдуу түрлөрүнүн биринде эркектер менен бирдей атаандаша аларын далилдеди.

"Мен аялдар эркектер сыяктуу эле ылдам жана ийгиликтүү боло аларын буга чейин далилдедим деп эсептейм. Эми муну өзүмдүн жарыштарым менен дагы да көрсөтүүнү улантам", - деп баса белгиледи