Манас районунун Кара-Арча айылында 50 орундуу жаңы бала бакча курулду

Аймак 371 21 Июль 2026 16:00
553270304_3566576186818888_8391001750815835608_n.jpg
751871143_1543529490579428_1011893066671631218_n.jpg
752178137_1543529567246087_4163876285663735752_n.jpg
752561522_1543529527246091_3975119370954016071_n.jpg
752782104_1543529497246094_3108775466915308173_n.jpg
743386943_1543529483912762_6834718439536975691_n.jpg
750229863_1543529540579423_1069719349712205344_n.jpg
751536485_1543529550579422_5970289256484792823_n.jpg
751819160_1543529510579426_2666507820001290403_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объект 50 орунга ылайыкталып, жалпы наркы 22,8 млн сомду түзөт.

"Бала бакчанын курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик толугу менен аяктап, учурда айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Имаратта уктоочу бөлмөлөр, тарбиялык сабактарды өткөрүүчү бөлмөлөр, медициналык кабинет, ашкана жана кабыл алуу бөлмөсү каралган.