Эми Кыргызстандан Кытайга төө буурчак, канаттуулардын этин жана жүндү экспорттоо жеңилдейт

Экономика Загрузка... 05 Февраль 2025 16:35
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25./Кабар/. Эми Кыргызстандан Кытайга төө буурчак, канаттуулардын этин жана жүндү экспорттоо жеңилдейт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү документтерге бүгүн президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.

Документтерге Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кол коюлду.

Төмөндө кол коюлган документтер:

1. Кыргызстандан Кытайга төө буурчак (фасоль) экспорттоого байланыштуу фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол.

2. Кыргызстандан Кытайга канаттуулардын этинин, субпродуктулардын инспекциясы, карантини жана санитардык талаптары жөнүндө протокол.

3. Кыргызстандан Кытайга жуулган жүндүн жана кашемирдин инспекциясы, карантини жана ветеринардык-санитардык талаптары жөнүндө протокол.

Кол коюлган протоколдор бажы контролун күчөтүүгө, төө буурчак (фасоль), канаттуулардын этин жана субпродуктулардын, ошондой эле жүндүн жана кашемирдин экспорттук процедураларын жеңилдетүүгө багытталган бир катар чараларды камтыйт.

Протоколдор кыргызстандык компаниялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кытай рынокторуна кирүү процессин жеңилдетип, соода операцияларында ачыктыкты камсыз кылат.