Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Социалдык контракт" программасы уланууда.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында талаптарга жооп берген үй-бүлөлөргө өз алдынча ишкердикти баштоо үчүн 150 миң сом кайтарымсыз каражат берилет.
Программага аз камсыз болгон же жакыр үй-бүлө статусун ырастаган, бизнес-планын сунуштаган жана эмгек жана мүлктүк потенциалы бар жарандар катыша алат. Арыздар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына берилет.
Өтүнмөлөрдү атайын комиссиялар карап, бизнес-план бекитилгенден кийин каражат бөлүнөт. Программага катышуу ыктыярдуу.
Мындан тышкары, жыл сайын социалдык контракттын 1000 катышуучусуна бизнести кеңейтүү үчүн 200 миң сомго чейин үч жылдык пайызсыз насыя берилет. Каражатты буга чейин социалдык контракттын эсебинен түзүлгөн көмөкчү чарбаны же бизнести өнүктүрүүгө жумшоого болот.
Насыялар "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу берилет. Аны алуу үчүн ишкердик жүргүзүлүп жатканын тастыктаган мамлекеттик каттоо күбөлүгү же патент талап кылынат.