Эмгек министри АКШ элчиси менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар, эң оболу, адамдарды сатууга каршы турууда эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоого басым жасашты.

Элчи Вигери 2025-жылга карата адам сатуу боюнча баяндаманы даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Белгилүү болгондой, АКШнын "Адам сатуунун курмандыктарын коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык (2000-жылы кабыл алынган), жыл сайын бул маселе боюнча отчет даярдалат.

Элчи ведомствонун аракеттери мамлекеттердин тизмесинде жогорку даражаны сактап калуу үчүн чагылдырылышына кызыкдар экенин билдирди. "Бул талап коюу маселеси эмес, тыгыз кызматташуу маселеси", - деди Вигери.

Министр Сабиров Кыргызстан үчүн АКШ менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн, Сириядан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу долбоорлорунун ийгилигин баса белгиледи.

"АКШ өкмөтүнүн жардамы менен 2023-2024 – жылдары мекенине кайтаруунун алты этабы жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын 454 жараны, анын ичинде 141 аял жана 313 бала мекенине кайтып келген", - деди Сабиров.

Андан соң тараптар реинтеграция маселелерин талкуулашты. «Бизди репатриацияланган балдардын тагдыры абдан кызыктырат, - деп белгиледи элчи Вигери, - анткени алар качкындар чатырларында жашаган мезгилде аларда балалыгы дээрлик болгон эмес».

Эмгек министрлигинин жетекчиси мекенине кайтарылган балдарды реинтеграциялоо боюнча ведомстволор аралык план тууралуу маалымат берди. План боюнча, ар бир этапта, мекенине кайтып келген балдарды медициналык текшерүүдөн баштап, мектептеги ар бир баланын социалдык адаптациясына чейин, жооптуу министрликтер өз ролдорун аткарышат.

Жолугушуунун соңунда элчи Вигери кызматташуунун багыттары боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушуу жылуу конструктивдүү маанайда өттү.