Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн себебин аныктоо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 05 Февраль 2025 17:20
2944751.6f2e11bd0d92cdb38cdd7467659ece9a.origin.original.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн депутаттар 2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Эмгек кодексинин 120-беренесинин 2 жана 5-бөлүктөрүн түшүндүрүү боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматын угушту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, бул боюнча эмгек министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев маалымат берди.

Депутат Балбак Түлөбаев Эмгек кодексине киргизилген түзөтүүлөрдү кароодо 120-берененин 5-бөлүгүнө бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктердин жана компенсациялардын чегин 2000 метрден 1800 метрге чейин өзгөртүү сунуш кылынгандыгын тактады. "Бул өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ошол эле учурда, кол коюлган документте 2000 метр болуп калды. Эмнеге мындай болду", - деп суроо салды депутат.

Баяндамачы депутаттын сунушуна жооп катары министрлер кабинети түзөтүүлөрдү кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө терс корутунду бергенин белгиледи.

"Өзгөртүүлөрдү кабыл алуу республикалык бюджетте каралбаган кошумча каражаттарды алып келет", - деди Мухтарбек Баймурзаев.

Ошондой эле министрдин орун басары баса белгилегендей, Эмгек кодексинин 120-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, бийик тоолуу райондордо деңиз деңгээлинен 1800 метр жана андан жогору бийиктикте жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө эмгек акысына райондук коэффициенттерди жана кызматтык маяналарына пайыздык үстөктөрдү колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

Депутат Надира Нарматованын сунушу менен Эмгек кодексинин аталган беренесиндеги өзгөртүүлөрдүн себебин аныктоо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Анын курамына депутаттар Балбак Түлөбаев, Жайлообай Нышанов, Арсланбек Малиев, Султанбай Айжигитов, Бактыяр Калпаев, Эмил Токтошев, Чингиз Айдарбеков, Дастан Жумабеков, Марат Мураталиев кирди.