Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта дагы 100 пайызга көтөрүлөрүн жарыялады. Бул кабар өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы агартуучулар менен медицина кызматкерлерин кубанычка бөлөдү.
Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын Т.Темирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин социалдык мугалими Калмурат Нарынбек уулунун айтымында, бул жаңылык ага өзгөчө маанай тартуулады.
“Биз көбүнчө 25-30 миң сом айлык алчубуз. Чынында эле мугалимдер кубанып жатабыз. Мугалимдик кесип татаал, бирок биз кесибибизди сүйөбүз. Келечек үчүн билим берип, өз ишибизге жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз” - деди ал.
Ал эми Кочкор райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эндокринологу Нурила Исабаеванын айтымында, бул жаңылык алар үчүн чоң сүйүнүч.
“Садыр Жапаровдун билдирүүсүн угуп абдан кубанып жатабыз. Биздин жылдар бою төккөн эмгегибиз акыры бааланды. Биздин ишибиз түйшүктүү, кабыл алууларыбыз көп, жоопкерчилигибиз жогору. Бул чечим бизге дем берет”,- дейт дарыгер.