Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Бишкектин таштанды полигону дээрлик 50 жылдан ашык убакыттан бери күйүп, түтөп, шаарды каптап, экологиялык чоң көйгөй жаратып келген. Эми ал жерде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп, алгачкы этабы үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында ишке берилген эле. Дээрлик 12 гектар аянтты ээлеген ишкананын иштөө процесси бүгүн курултайга катышуу үчүн аймактардан келген делегаттарга тааныштырылды.
Тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү заводдун директору Чжын Хы, учурда таштандынын төгүлүшүнө жараша саатына 25 МВт электр энергиясы өндүрүлүп жатканын айтып, ал кубаттуулук дагы көтөрүлөрүн белгиледи. Ошондой эле таштандыны кайра иштетүү процессине токтолду.

“Бул жакта таштандыны иштеткенден кийин 4 этап менен тазаланып чыгат. Алгач азот газын аммиак суусу аркылуу, андан кийин акиташ аркылуу кислоталар тазаланат. Андан соң активдүү көмүр аркылуу оор металл жана зыяндуу жыттар жок кылынып, аягында фильтр аркылуу калган бүртүкчөлөр тазаланып, абага чыгат”, – дейт заводдун директору.
Аталган завод айланма жолдо, санитардык полигондун аймагында жайгашкан. Бул таштандыларды ташууда транспорттук чыгымдарды да азайтат. Долбоордун шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү, таштандыларды чыгаруу көлөмүн азайтуу жана борбордун энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн мааниси чоң.