Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Учурда мыйзам бузуу менен иштеп жаткан беш элдик дарыгер аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.
Анын айтымында, министрликтин мүмкүнчүлүктөрү административдик чаралар менен гана чектелет. Мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк үчүн жоопкерчилик кылмыштык жана административдик болуп бөлүнөт.
Эгер жарандардын ден соолугуна зыян келтирилсе, иш укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилет. Ал эми лицензиясы жок иш алып баргандарга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айып пул салынат.
“2024-жылга чейин айып пулдун өлчөмү 7,5 миң сом болчу, биз аны 10 эсеге көбөйтүп, 100 миң сомго жеткирдик. Бирок бул сумма да тоскоол боло албай жатат, бүгүн объектти жаап жатабыз, эртеси кайра эле иштеп баштайт. Демек, 100 миң сом да аз болуп жатат. Айып пулдун көлөмүн дагы жогорулатуу маселесин карап жатабыз”, - деди Осмонов.
Ал белгилегендей, акыркы текшерүүлөрдө аконит жана башка уулуу чөптөр сатылган учурлар катталган. Ошол эле учурда сатуучулар өз товарларынын коопсуздугу боюнча так түшүндүрмө бере алышкан эмес. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламенти бар, анда 350дөн ашык өсүмдүк жана башка продукциялар адам үчүн тамак катары колдонууга тыюу салынган. Бирок бул талаптарга элдик табыптар баш ийбей жатат.