Элдик Банк: өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүүдөгү жаңы баскыч

Бизнес 9916 21 Август 2025 10:35
IMG_5145.JPEG
IMG_5148.JPG
IMG_5147.JPEG
photo_5276223777195292575_y.jpg
IMG_5146.JPEG
IMG_5150.JPEG
Алдыга
Артка
IMG_5145.JPEG
IMG_5148.JPG
IMG_5147.JPEG
photo_5276223777195292575_y.jpg
IMG_5146.JPEG
IMG_5150.JPEG
Алдыга
Артка
copyright icon "Элдик Банк" пресс-кызматы

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Бишкекте «Элдик Банк» ААК тарабынан «СкайМобайл» ЖЧК (Beeline Кыргызстан бренди) компаниясынын 100% үлүшүн сатып алуусундагы стратегиялык бүтүмдүн соңуна чыкканынын урматына салтанаттуу азем болуп өттү. Аталган бүтүм санариптик өз алдынчалыкты бекемдөөгө жана улуттук телекоммуникация жана финансы инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу кадам болуп калды.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Улуттук банктын, банк секторунун, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана Элдик Банктын кардарлары жана башка тиешелүү жактар катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мамлекеттик банк тарабынан стратегиялык телеком-активди сатып алуусу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун улуттук кызыкчылыктарды коргоого, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, экономиканы модернизациялоого жана жарандардын заманбап кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу алкагын кеңейтүүгө багытталган системалуу саясатынын бир бөлүгү болуп саналат деп белгилеп өттү.

«Бул амбициялуу долбоорду ишке ашырууга саясий эркти, институттук негизди жана инвестициялык чөйрөнү түзгөн мамлекет башчынын колдоосу болду. Бул транзакция M&A жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарына толук ылайык жүргүзүлдү, бул биздин алдыңкы дүйнөлүк компаниялар жана инвесторлор менен кызматташууга даярдыгыбыздын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат», - деди ал.

«Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев «Биздин алдыбызда Beeline компаниясын интеграциялоо жана модернизациялоо жагында олуттуу иштерди жүзөгө ашыруу милдети турат. Мындагы негизги максат - бул компанияны дүйнөлүк стандарттарга төп келген күчтүү жана заманбап санариптик оператор катары уюштуруу. Банк жана телекоммуникация кызматтарын бириктирип иш алып баруу бирдиктүү тиркемелерди, жаңы финансылык продукттарды, ыңгайлуу электрондук төлөмдөрдү жана мамлекеттик кызматтардан көз ирмемде пайдалана алган мүмкүнчүлүктү камтыган экосистеманы негиздөөдө болуп көрбөгөндөй шарт түзөт» – деп баса белгиледи.

Элдик Банк тарабынан Beeline Кыргызстан компаниясын сатып алуусу өлкөбүздүн экономикасынын санариптик трансформациясын тездетүүгө, банк, телекоммуникация жана мамлекеттик кызматтарды бириктирген тиркемени иштеп чыгууга, 5G жана заманбап байланыш технологияларын жайылтууга, аймактарда санариптик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле, калктын финансы жана санарип жаатында сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бул бүтүм Кыргызстандын эл аралык инвестициялык картадагы позициясын бекемдейт жана дүйнөлүк алдыңкы оюнчулардын катышуусу менен өлкөбүздүн ири стратегиялык бүтүмдөрдү келишүүгө дараметин көрсөтөт.

Аталган бүтүм англия укук-ченемдерине ылайык, алдыңкы эл аралык юридикалык жана финансы боюнча консультанттарды тартуу менен, эл аралык M&A жана корпоративдик башкаруу практикасына толук шайкеш аткарылганын белгилеп кетүү зарыл.

Жакынкы арада Элдик Банк жана Beeline Кыргызстан эки компаниясынын тең өнүгүүсүндөгү урунттуу учур болуп кала турган долбоорлорду ишке ашыра башташат. Бул демилгелер алардын жалпы жана инновациялык өнүгүү келечегине даңгыр жол ачат, ошондой эле, Кыргызстандын экономикасын тездик менен өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.

КРУБ лиц. №033