Элдар Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз берди

Коом 17 февраль 2026 13:35
Элдар Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз берди

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандаттан баш тартуу боюнча арызы Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү.

БШКдан билдиришкендей, эл өкүлүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси бүгүнкү жыйында каралат.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Элдар Сулаймановдун жубайы делген келиндин күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна кабылганы жөнүндө маалыматтар тараган. Бул окуялардан кийин жабырлануучуга ИИМ тарабынан коргоо ордери берилген.