Эл кызматында 4 жыл. Өлкөдө эмне өзгөрдү? - сурамжылоо

Коом Загрузка... 28 Январь 2025
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.01.25. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматына киришкенине туура төрт жыл толду.

Өлкө башчысы 2021-жылы дал ушул күнү салтанаттуу түрдө ант берип, расмий кызматка киришкен. Бул аралыкта өлкөнүн социалдык-экономикалык абалында олуттуу өзгөрүүлөр орун алды. Мектеп, бала бакчалар курулуп, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары эселеп көтөрүлдү. Илим менен алектенгендерге толук шарттар түзүлүп, Улуттук илимдер академиясы толугу менен жаңыланды.

Жаштардын билим сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, президенттин алдындагы “Акылман лицейи” түзүлдү. Жарым кылымдан бери каралбай калган Мамлекеттик циркке окшогон маданий объектилер оңдолуп-түзөлүп, колдонууга берилүүдө. Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында ипотекалык үйлөр курулуп, ачкычтары ээлерине тапшырылып жатат. Ошондой эле канча жылдан бери чечилбей келген чек ара маселелери чечилип, тышкы саясат жакшырды.

Өлкө башчысынын төрт жыл аралыгында жасаган иштерине элдин пикири кандай, шаар тургундарынан сурамжылоо кылып көрдүк.