Эл өкүлү “Яндекс.Такси” компаниясын чагымчыл аракеттерге айыптады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 05 Февраль 2025 13:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев “Яндекс.Такси” компаниясын чагымчыл аракеттерге айыптады.

WhatsApp Image 2025-02-05 at 09.52.53 (1).jpeg

Анын айтымында, орус өкмөт башчысынын россиялык компаниялар Кыргызстанда кысымга кабылып жатканы тууралуу айтканы негизсиз жана туура эмес. Анткени, бул Кыргызстандын ички чарбалык маселеси.

“Михаил Мишустиндин айтканы “Яндекс.Такси” ишканасына байланыштуу болушу мүмкүн. Ишканын кызматкерлери балким орус өкмөтүнө туура эмес бурмаланган маалыматтарды берип койгон. Кыргызстанда бизнес кара, кызыл, ак, жашыл болуп бөлүнбөйт. Кайсы жерден инвестор келбесин – Түркия, Кытай, Россия, Япония баарына бирдей мамиле жасалат. Азыр мурункудай кылмыш жок, азыр салык мыйзамдарын аткарып, иштөө керек. Учурда Кыргызстандын мыйзамдарын аткарган ишканалардын баары жакшы иштеп жатат”,-деди депутат.

Ал белгилегендей, буга чейин парламенттин бир катар депутаттары “Яндекс.Такси” айдоочулар тарабынан төлөнүүчү төлөмдөрдү жасалма түрдө 21%га чейин көтөрүп жаткандыгын айтып чыгышкан.

“Ишкана бааны жасалма көтөргөнү аныкталган. Айдоочулардан дээрлик 21% чейин комиссия алып жатты. Экинчиден, салыкты жашырган. “Яндекс.Такси” дээрлик 100 млн сомдон ашык акчаны бюджетке төктү. Менин маалыматым боюнча булар дагы 5 млн доллар төлөшү керек эле. Ушундан качып чагымчылдык кылышты. Биз мындай нерселерге жол бербешибиз керек”,-деди Жанар Акаев.