Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек району жана Сүлүктү шаарындагы мектеп-гимназияларда эмгектенген мугалимдер гимназия макамын жоюудан мурда иштин сапатына изилдөө жүргүзүү керектигин билдиришкен. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда көптөгөн окуучулар окуудагы жакшы жыйынтыктар менен гимназияларды бүтүрүп жатышат жана гимназия деген макам балдардын сапаттуу билим алуусуна түрткү болот.
“Ушул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте чогуу иш алып барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк жакшы болмок. Анализ жүргүзүп, анан жыйынтыгында гимназия макамдарын албасак болбойт. Жакшы жыйынтык, сапаттуу билим берген гимназияларды калтырып, жакшы жыйынтык бере албаган гимназияларды жоюга макулбуз деп жатышат”, - деди Чыңгыз Ажибаев.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылдын август айында өлкөдөгү мектептердин гимназия макамы жоюларын билдирген.
Министрлик муну менен орто мектептердин шартын бирдей кылуу максатын көздөөдө. Бирок аккредитациянын мөөнөтү бүтө элек мектептердин гимназия макамы убактысы келгенге чейин сакталат. Ал эми 2028-жылдан тарта гимназиялар жоюлуп, бардыгы орто мектеп болоору маалымдалган.