Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Учурдагы картошканын баасынын 60 сомдон жогорулашына дыйкандар үчүн кубанычтамын, бирок эл үчүн бул оор баа. Бул тууралуу пикирин депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө картошка айдалган Алай, Чоң-Алай, Ат-Башы, Кочкор, Ысык-Көл сыяктуу бир топ жерлер бар, бирок бүгүнкү күндө базарларда картошканын бир килограммы 60-65 сомдон сатылууда.
“Азыр барып ун сатып ала турган болсок, бир мүшөк ун 1 миң 700, 1 миң 800 сом болсо, ошондой эле салмактагы бир кап картошка 2,5-3 миң сом болуп калды. Эми март айынан тартып жазгы талаа иштери башталуу алдында турат”,- деди Эльдар Абакиров.
Ошондой эле дыйкандарды күйүүчү май, үрөөн менен камсыздоо боюнча жазгы талаа иштерине даярдыктарга кам көрүү зарылдыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-февралда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу, ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына бааларды туруктуу кармоо максатында картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселеси каралып жатканын билдирген.
Ал эми 1-февраль күнү суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүк бааларына байланыштуу маселелер боюнча кеңешме өткөрүп, азык-түлүктүн баасын тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген.