Эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктары электрондоштурулат - Орозбеков

Коом Загрузка... 03 Февраль 2025
WhatsApp Image 2025-02-03 at 13.07.12.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктары электрондоштурулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Санариптик өнүктүрүү секторунун башчысы Улан Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, документти электрондоштуруу иштери ведомствонун санариптештирүү боюнча алдыда аткара турган иш планына киргизилген.

Улан Орозбеков мекеменин жана жарандардын ишин жеңилдетүүгө жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган башка да мерчемделип жаткан иштерин тизмектеп берди.

  • Ири көлөмдүү, бөлүнбөс жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга уруксат кагаздарды онлайн форматта берүү жана эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктарын өлкөлөр ортосунда электрондук түрдө алмашуу системасын иштеп чыгуу;
  • Салмак-габариттик контролдоо пункттарын автоматташтырууну ишке ашыруу. Анын жардамы менен адам факторун жоюуга, коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга, автомобиль жолдордун абалын жакшыртууга шарт түзүлмөкчү;
  • Министрликте кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген маалыматтар базасын, ошондой эле жол-транспорт реестрлеринин электрондук версияларын түзүү каралууда. Учурда суу транспортунун реестрин түзүү иштери жүргүзүлүүдө;
  • Министрликтин өндүрүштүк ишмердигине контролду күчөтүү, чечимдерди ыкчам негизде кабыл алуу, мамлекеттик башкаруунун санариптештирүү максатында министрликтин Мониторинг жүргүзүү борборун түзүү пландалууда;
  • Жол активдерин башкаруу системасын түзүү, көрсөтүлгөн кызматтарды жана бизнес-пландарды санариптештирүү, расмий веб-сайтты жаңылоо, ашуулардагы жана жол салуу учурундагы процесстерге видеобайкоо орнотуу менен көзөмөлдү күчөтүү каралууда.