Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. 17-19-август күндөрү Ысык-Көлдө браконьерликке каршы үч күндүк рейд өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө суудан 3700 метр эски синтетикалык тор чыгарылып, 130 кг таштанды чогултулду.
"Мындай рейддик иш-чаралар браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн жаратылыш ресурстарын коргоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт",-деп айтылат маалыматта.