Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасынын көрсөткүчтөрү жогорулады. Бул тууралуу экономист Улукман Мамытов “Кабар” агенттигине билдирди.
Экономисттин айтымында, жыл башынан бери ИДПнын өсүү темпи 11%дан ашты.
“Бул албетте, жакшы көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин мындай натыйжалар боло элек болчу. 3-4 жыл мурда экономика реэкспорт аркылуу өсүштү камсыздаса, ал эми акыркы жылдары курулуш тармагындагы долбоорлор менен өсүү темпи жогорулап жатат. Мамлекет тарабынан ири долбоорлор ишке ашырылып, инвестиция салынууда. Ошондой эле жарандар курулуш тармагына каражат жумшап жатат. Жеке курулуш компаниялары жана чет элдик инвесторлор да каражатын курулушка багыттоодо”, -деп айтты ал.

Улукман Мамытов экономиканын мындай өсүү темпинин туруктуу болушу үчүн өндүрүшкө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейт.
“Курулуштар дайыма эле боло бербейт. Алардын да иши басаңдайт. Ошондуктан экономиканын өсүү темпин түшүрбөө максатында өндүрүш менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына басым жсаоону улантуу керек. Анткени буларда экспортко багытталган ишканалар көп”, - деди экономист.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-сентябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга жана элге кайрылуу жасап жатып, акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктери бири өлкөнүн экономикалык пайдубалынын бекемделиши болгонун, экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 пайызды тузүп туруктуу өсуштү көрсөткөнүн айтты.