Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, анда мамлекеттин катышуусундагы ишканалар секторун реформалоо, мамлекеттик активдерди башкарууну жана корпоративдик башкарууну өркүндөтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле бизнес чөйрөнү жакшыртууга, ишкердикти жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө, рыноктун катышуучулары үчүн бирдей жана ачык-айкын шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү, мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү жана экономикалык реформаларды мындан ары жүргүзүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттин катышуусундагы ишканаларды реформалоо, бизнес чөйрөнү, ишкердикти жана атаандаштыкты өнүктүрүү маселелери боюнча мындан аркы кызматташууга жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин ырасташты