ЕАЭБде тигүү тармагы үчүн тоскоолдуктар алынды - Амангелдиев

Экономика Загрузка... 05 Февраль 2026 10:40
-------------------_jHPtdHF.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинети тигүү тармагынын маселесин чечүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал белгилегендей, ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп, көйгөйлөр талкууланды.

“Биз сертификациялоо маселесин карадык, ошондо төлөөчүлөр менен КНС маселеси чечилди. Бул маселе ЕАЭБ кеңешинин акыркы жыйынында каралып, кеңеш катчылыкка бул маселе боюнча резолюция кабыл алып, иштеп чыгууну тапшырды. Өткөн аптада катчылык чындыгында олуттуу көйгөй бар деген жыйынтык чыгарды. Казакстан жана Россия менен болгон тоскоолдуктар жана түшүнбөстүктөр чечилди деп айтсак болот. Мындан тышкары, Wildberries КНС төлөөчү катары катталды”, - деди ал.