Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы түзүлгөндөн бери ЕӨАКтүн 42-чи жыйыны. Анын тар курамдагы жыйынына биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары: Беларусь Республикасынан – Роман Головченко, Кыргыз Республикасынан – Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынан – Михаил Мишустин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мер Григорян, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Жыйындын катышуучулары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин платформасында эл аралык диалогдун маанилүүлүгүн жана кабыл алынган чечимдер интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним билдиришти. Беларустун премьер-министри - ЕӨАКтүн төрагасы Роман Головченко ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда тыгыз экономикалык мамилелер жана ири соода жүгүртүү бар экенин баса белгиледи.
Төрагалык кылуучу тараптын айтымында, бүгүнкү күндө биримдиктин ИДПсы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. 2024-жылдын аягында биримдиктин экономикасынын иштешинин негизги көрсөткүчү болжол менен 4%ды түздү. Ошону менен бирге 2030-жылга чейин ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү боюнча декларацияда чагылдырылган, анын ичинде экономикалык өнүгүүдөгү акыркы тенденцияларды эске алуу менен биримдиктин жалпы көз карашына жакындаш үчүн биргелешкен күч-аракеттердин зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүн, жаңы технологиялардын жана инновациялардын пайда болушун дагы эске алууну сунуштады.
Ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашуу болуп, бул багыттагы иштерди активдештирүү зарылдыгы белгиленди.
Андыктан, жыйындын катышуучулары ЕАЭБдеги интеграциянын келечегин изилдеп, евразиялык рыноктун ишин жана макроэкономикалык кырдаалды талдап чыгышты. Кооперациялык долбоорлорду субсидиялоого өзгөчө көңүл бурулду - мисалы, айыл чарбасында - ЕАЭБ бюджетинен каражат бөлүнмөй болду, ошондой эле бажы тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселеси каралды.
Өндүрүштүн туруктуулугун жогорулатууга жана тармактын инновациялык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган агроөнөр жай комплексинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоо механизми талкууланды. Селекцияны өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүк, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, агроөнөр жай комплексинин инфраструктурасын кеңейтүү сыяктуу тармактарга өзгөчө көңүл бурулду.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту.
Касымалиев меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровдун атынан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу саламын жолдоду.
"Казакстан-биздин жакын коңшубуз, боордош мамлекет жана негизги соода өнөктөшүбүз. 2024-жылы кыргыз-казак мамилелеринде мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү окуялар болду. Эки тараптуу мамилелер өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Биз сиздер менен мындан ары да болгон келишимдерди ишке ашыруу жана кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүдө жаңы жыйынтыктарга жетүү үчүн күч - аракетибизди жумшайбыз деп ишенем", - деди Адылбек Касымалиев.
"Эки мамлекеттин башчылары – Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин активдүү саясий диалогу эки тараптуу кызматташуунун бардык спектрин жаңы деңгээлге алып чыкты жана бардык тармактарда жогорку динамиканы камсыз кылды", - деп белгиледи премьер-министр Олжас Бектенов.
Өткөн жылдын 11 айында эки тараптуу сооданын көлөмү көбөйүп, 1,6 млрд долларга жеткен. Жолугушууда алгылыктуу тенденцияны сактоо жана жеткирилген товарлардын ассортиментин кеңейтүү менен сооданын түзүмүн жакшыртуунун маанилүүлүгү белгиленди. Өз кезегинде Олжас Бектенов Казакстан 203 млн доллардан ашык 175 аталыштагы продукциянын экспортун көбөйтүүгө даяр экенин билдирди. Анын ичинде нефтехимия, тамак-аш өнөр жайы, металлургия, машина куруу, фармацевтика, курулуш материалдары жана башкалар бар.
Ошондой эле айыл чарба тармагындагы кызматташууга көңүл буруу сунушталды. Себеби, учурда айыл чарба өз ара сооданын 20%га жакынын түзөт. Айыл чарба азыктарынын өз ара соода-сатыгын көбөйтүү боюнча Жол картасы ишке ашырылууда. 2024-жылдын 11 айында айыл чарба тармагындагы соода жүгүртүү 5,5%га өсүп, 313,6 млн долларды түзгөн, ошону менен бирге Кыргызстан Казакстандан 40,4 миң тонна дан, 53,2 миң тонна ун сатып алган.
Эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектиси болуп өнөр жай секторунда биргелешкен ишканаларды түзүү максатында инвестициялык өз ара аракеттенүү саналат. Бул багытта өнөр жай кооперациясын олуттуу түрдө чыңдай ала турган бир катар биргелешкен келечектүү долбоорлор иштелип жатат. Алардын бири Таш-Көмүр шаарында ферросплав заводунун курулушу, анын ачылышы эки өлкөнүн ири ишканалары үчүн маанилүү сигнал болот. Жалпысынан 2024-жылдын 11 айында өлкөлөр ортосундагы өнөр жай товарларынын соода жүгүртүүсү 985,5 млн долларды түзгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,9%га көп. Мында Казакстандын экспорту 13,5%га өскөн.
Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу, жыл сайын көйгөй жаратып келген суу ресурстары боюнча дагы, тагыраак айтканда, суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери да талкууланды. Белгиленгендей, биргелешкен иш-чаралардын аркасында 2024-жылдын сугат мезгили маселесиз өткөн.
Эки тараптуу күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири транспорттук жана транзиттик потенциалды жогорулатуу болуп саналат. 2024-жылдын 9 айында автотранспорт менен жүктөрдү экспорттук-импорттук ташуулардын көлөмү 16%га өсүп, 1,7 млн тоннаны түзгөн. Буга байланыштуу биргелешип, чек аранын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жүк ташуучулар үчүн транзиттин ыңгайлуулугу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы менен Казакстандын премьер-министри соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Андан кийин Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы соода кызматташтыгын арттыруу ниетин билдиришти. Жакынкы беш жылда тараптар бул көрсөткүчтү жарым млрд долларга жеткирүүнү пландаштырууда.
Кыргызстан менен Беларусь айыл чарбасынын бардык тармактарында өз ара кызматташат. Бирок, Адылбек Касымалиевдин айтымында, соода-өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы потенциал толук ишке аша элек.
"Айыл чарба, өнөр жай, логистика жана машина куроо тармактарында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. Беларус Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Өз ара кызматташуубуз мындан ары өнүгө берет. Кыргызстан менен Беларус элдеринин ортосунда жалпы тарыхый эстутумга, бири-бирин колдоо жана түшүнүү каалоосуна негизделген жакшы, достук мамилелер түзүлгөнүн белгилеп кетүү кубанычтуу", - деди Адылбек Касымалиев.
Беларустун премьер-министри мындан ары түрдүү тармактарда кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин белгилеп, кыргызстандык кесиптешин Беларуска расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ал Кыргызстан Беларустун соода-экономикалык чөйрөсүндө ишенимдүү жана олуттуу өнөктөшү экенин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жакшы динамика бар экенин баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле кыргыз-беларусь кызматташтыгынын, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестициялык өнөктөштүк жана өнөр жайлык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Айыл чарба тармагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Акыркы жылдары Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй курулуш иштери жүрүп, көп кабаттуу турак-жайлар, имараттар заманбап лифтерге муктаж. Ушул жаатта өлкөдө Беларусь лифт жабдуулары боюнча долбоор иштеп жатат.
"Биз лифт жабдуулары жаатында биргелешкен долбоорду иштеп чыгууда жакшы динамикага күбө болуудабыз. Алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жаткан биздин Кыргызстанда биргелешкен ишкана бар. Кыргызстанда лифт жабдууларын алмаштырууга жана жаңылоого болгон муктаждыкты эске алуу менен, бул ишканада азыркыга караганда буйрутмалардын көп пакети болот деп күтөбүз",- деди Роман Головченко.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташууну мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенибизди билдирди.
ЕӨАК жыйыны кеңейтилген форматта уланат. Отурумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн – Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрүнөн тышкары, биримдиктин байкоочулары – Иран, Куба жана Өзбекстан, ошондой эле чакырылган коноктор – Азербайжан жана Тажикстан катышат. Албетте, учурдагы дүйнөлүк кырдаал бул биримдиктин кеңейшине алып келиши мүмкүн. Байкоочулар менен коноктор биримдике кошулуп калса, өз ара кызматташунун чек арасы кеңейип, бирдиктүү экономикалык мейкиндикте товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө чоң өбөлгө түзөт.