Дзюдо боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт Загрузка... 20 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги "Газпром балдарга ден соолукту чыңдоо борборунда" дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 300дөн спортчу катышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Экинчи күндүн жыйынтыгы:

Кыз-келиндер арасында:

52 кг

  • 1-орун Сабира Джарова;
  • 2-орун Сабира Кожомбердиева;
  • 3-орун Милена Бөрүболотова;
  • 3-орун София Мозур.

63 кг

  • 1-орун Адина Көчкөнбаева;
  • 2-орун Мырзайым Дүйшөнбекова;
  • 3-орун Сауле Алмазова;
  • 3-орун Мээрим Какитиева.

78 кг

  • 1-орун Акмаржан Турдажиева;
  • 2-орун Шахида Нармухаммедова;
  • 3-орун Улара Султашева;

Эркектер арасында:

66 кг

  • 1-орун Эрбол Абасбеков;
  • 2-орун Ханболот Ырысбеков;
  • 3-орун Шахридин Абдыкадыров;
  • 3-орун Абел Бакытбек уулу.

81 кг

  • 1-орун Тегин Алмазжан уулу;
  • 2-орун Эржан Канатбеков;
  • 3-орун Актилек Култаев;
  • 3-орун Раатбек Жуманазаров.

100 кг

  • 1-орун Даут Ролтушев;
  • 2-орун Артур Сансызбеков;
  • 3-орун Орозбек Алмазбеков;
  • 3-орун Алманбет Мамазаиров.