Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды

Аймак 1758 14 Март 2025 11:11
484247201_508302732323509_7264349884690775110_n.jpg
484488224_508302605656855_6990865681209738087_n.jpg
484146823_508302708990178_7113655295304785381_n.jpg
484351194_508302618990187_8118368277518174259_n.jpg
484537088_508302682323514_2866537834870713686_n.jpg
484134247_508302595656856_5946396899851187372_n.jpg
484147575_508302762323506_8502798626908188819_n.jpg
484105167_508302642323518_4418321033426691582_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Иш башкармалыгынын маалымат кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Баткен районунун Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушуна старт берди.

Иш башкармалыктан билдиришкендей, кечээ, 13-мартта тажик президентинин мамлекеттик иш сапары болгонун белгилеген Каныбек Туманбаев, чек аранын чечилгени тарыхый күн экенине токтолду.

“101 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесине акыры чекит коюлду. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин эмгеги менен талаш маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жетиштик”-деди ал.

Айыл эли үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак жерлигинен ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат.

Мамлекеттин чек арасын тактоого жергиликтүү элдин салымы чоң экенин дагы айтты.

“Айрым тилкелер алмашуу жолу менен чечилди. Бул оңой чечим болгон жок, ар бир метр жер үчүн дыкат сүйлөшүүлөр жүрдү. Мамлекеттин кызыкчылыгы, чек арада жашаган элибиздин коопсуздугу биринчи орунда турду.

Сиздер бул чечимди туура кабыл алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Туманбаев.

Белгилей кетсек, ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт.

Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда.