Ташкент, 11.04.25. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын Өзбекстандагы долбоорлорунун жалпы көлөмү 12 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен ДБнын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жетектеген делегациянын жолугушуусунда айтылды, деп маалымдайт мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Жолугушууда бүгүнкү күндө Өзбекстан Дүйнөлүк банктын эң ири өнөктөштөрүнүн бири экени баса белгиленди. Банк өлкөдөгү экономика жана социалдык тармактарда туруктуу өнүгүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууга каржылык, консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүп келатканы айтылды.
Тараптар Өзбекстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын багыттарын, өзгөчө өлкөнүн экономикалык реформаларын колдоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле банк менен биргеликте эл аралык каржы институттарынын катышуусундагы долбоорлорду тез даярдоону жана алардын сапатын жогорулатууну көздөгөн жаңы тартип кабыл алынганы белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары да талкууланды. Алардын катарында жакырчылыкты азайтуу — өзгөчө аялдар менен жаштар үчүн жумуш орундарын түзүү (анын ичинде туризм тармагында), жеке секторду өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү, мамлекеттик ишканаларды реформалоо жана менчиктештирүү сыяктуу маанилүү тармактар бар.
Мындан тышкары, көмүр кычкыл газын кыскартуу (декарбонизация), шаардашуу, инфратүзүмдү жаңылоо, энергиянын үнөмдүүлүгүн жогорулатуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана Өзбекстандын ВТОго кошулуу аракеттерине көмөктөшүү багыттарында да кызматташуу пландары талкууланды.
Жолугушууда ошондой эле ири регионалдык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча да пикир алмашуу болду.