Дүйнөлүк алтын рыногунун Кыргызстандын экономикасына тийгизге турган таасири

Пикир Загрузка... 27 Январь 2025
362725.jpg
copyright icon www

2025-жылдын январында Лондондогу банк аралык рынокто алтындын баасы волатилдүү же өзгөрүлмө абалда болду. 2-январда алтындын унциясынын баасы 2 миң 646 доллар болсо, 6-январда 2 миң 633 долларга төмөндөдү. Бул январдагы эң төмөнкү баа болуп саналат. Эң жогорку баа 24-январда 2 миң 776 доллар өлчөмүндө катталган. 2-январ менен 24-январдын бааларын салыштырганда, алтындын унциясы 130 доллар же 4,9 пайызга кымбаттаган.

Бул макалада биз алтын рыногундагы учурдагы тенденцияларды жана алардын Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Кыргызстандын экономикасына тийгизген болжолдуу таасирин карап көрөбүз.

Алтын рыногундагы дүйнөлүк тенденциялар

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери кыска мөөнөттөгү өзгөрүүлөргө карабай, алтындын баасы өзүнүн туруктуулугун көрсөттү. Баалуу металлга болгон суроо-талапка таасир эткен негизги факторлор АКШ облигацияларынын кирешелүүлүгүнүн төмөндөшү жана америкалык валютанын алсызданышы болду. Бул шарттар экономикалык жана геосаясий туруксуздуктун мезгилинде инвесторлор үчүн салттуу түрдөгү “коопсуз башпаанек” катары эсептелген алтындын келечегине жагымдуу шарт түзүүдө.

Эксперттердин айтымында, алтын дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы саясий жана финансылык туруксуздуктун, ошондой эле кээ бир мамлекеттердеги жогорку карыздын шартында инвесторлордун көңүл чордонунда кала берет. StoneX компаниясынын божомолу боюнча, 2025-жылы алтындын баасы бир унция үчүн 3000 доллардан ашып кетиши мүмкүн.

Прогноздор жана Кыргызстанга тийгизген таасири

Борбордук Азиядагы алдыңкы алтын өндүрүүчүлөрдүн бири болгон биздин республика үчүн эл аралык алтын рыногундагы учурдагы тенденциялар чоң мааниге ээ. 2024-жылы Кыргызстанда 26 тонна алтын казылган.

Ал эми өндүрүш көлөмү 2025-жылы ушул эле деңгээлде жана алтындын орточо баасы бир унция үчүн 2400 доллардан 2750 долларга чейинки диапазондо кала турган болсо, анда ата мекендик алтын өндүрүүчүлөрдүн сатуудан түшкөн жалпы кирешеси 2 миллиард доллардан 2,2 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн. Бул мамлекеттин экономикасы үчүн ири сумма жана бир катар маанилүү экономикалык натыйжаларга жетүүгө олуттуу шарт түзөт.

Кыргызстан үчүн экономикалык мааниси:

  1. Алтындын жогорку баасы кирешенин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт, бул өлкөнүн валюталык резервдерин бекемдөөгө жана тышкы экономикалык тобокелдиктерди азайтууга жардам берет.
  2. Ошондой эле алтындын баасынын жогору болушу геологиялык чалгындоого, алтын казууга жана аны менен катар жаңы жумуш орундарын түзүүгө кошумча инвестицияларга стимул берет.
  3. Алтындан түшкөн киреше Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин олуттуу бөлүгүн түзөт. Өткөн жылы киреше салыгы, сатып алуулар жана социалдык чегерүүлөр сыяктуу башка төлөмдөрдү эсепке албаганда, алтын өндүрүүчү ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 16 миллиард сомду түздү. Алтындын кымбатташы салыктын түшүүсүнүн көбөйүшүнө алып келип, бул өлкөнүн финансылык абалын жакшыртат.

Перспективалар

Алтынга карата позитивдүү божомолдор жакынкы келечекке гана тиешелүү. Узак мөөнөттүү келечекте өзгөчө күмүш, жез жана башка металлдар да кымбаттап, дүйнөлүк экономика турукташкан маалда баалар төмөндөшү мүмкүн экенин эстен чыгарбаш керек.

Республиканын узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы алтынга гана эмес, жаңы технологиялык жана экологиялык жактан туруктуу тармактарга да инвестициялоону камтышы керек. Алтындын жогорку баасы менен байланышкан учурдагы артыкчылыктарды максималдуу түрдө пайдалануу гана эмес, инновацияларга жана өндүрүштү диверсификациялоого багытталган туруктуу экономикалык базаны түзүү боюнча жигердүү иш жүргүзүү да абдан маанилүү.

Ал эми 2025-жылы алтындын жогорку баасы олуттуу экономикалык пайдаларды убада кылганы менен, бир ресурска көз карандылык белгилүү бир тобокелдиктерди алып келерин эстен чыгарбоо керек.

Тимур Саралаев, серепчи