Үстүбүздөгү жылдын 19-июль күнү дүйнөлүк футболдо, анын ичинде Кыргызстандын миллиондогон футбол күйөрмандары үчүн өзгөчө окуя болмокчу. Бул күнү АКШ, Мексика жана Канада биргелешип уюштуруп аткан 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалына чыккан Испания менен Аргентинанын бүйүр кызыткан финалдык беттешине күбө болобуз. Оюн АКШнын Нью-Жерси штатындагы “Метлайф” стадионунда өтөт. Испания Францияны 2:0 эсебинде, ал эми Аргентина Англияны 2:1 эсебинде артка калтырып финалга чыкты. "Кабар" агенттиги бул ирет миллиондогон адамдардын бүйүрүн кызыткан дүйнөлүк чемпионат тууралуу кеп кылат.

Испания – Аргентина: чемпиондордун тиреши
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына бул эки команданын чыгышы жөн жерден эмес. Анткени, Испания Европанын учурдагы чемпиону болсо, ал эми Аргентина дүйнө чемпионатынын ээси. Финал бул жөн гана кезектеги оюн эмес, бул эки башка футбол мектебинин, континенттердин жана миңдеген күйөрмандардын жүрөгүн толкуткан ири спорттук окуя. Бул курама командалардын ар бири акыркы жылдары өз континенттеринде жана дүйнөлүк футболдо башкаларга мүмкүнчүлүк бербей, мыкты экенин далилдеп келишти.
Европанын азыркы чемпиону (Евро-2024) Испания курамасы турнирде өзүнүн ылдам, агрессивдүү жана көрүүчүгө эстетикалык ырахат тартуулаган оюну менен айырмаланды. Луис де ла Фуэнтенин командасы мурдагы топту ашыкча көзөмөлдөө тактикасынан баш тартып, кооптуу чабуулдарга басым жасоодо. Коргоону Родри сыяктуу тажрыйбалуу мастерлер башкарса, капталдардан чагылгандай ылдамдык кошкан Ламин Ямаль менен Нико Уильямс атаандаш коргоочулардын үрөйүн учуруп жатат.

Ал эми дүйнөнүн азыркы чемпиону Аргентина катары менен экинчи ирет финалга чыгып, өзүнүн гегемониясын улантууда. Башкы машыктыруучу Лионель Скалонинин командасында эмоционалдык биримдик менен тактикалык тартип айкалышкан. Эмилиано Мартинестин дарбазадагы ишенимдүүлүгү, коргоодогу бекемдик жана чабуулдагы ийкемдүүлүк Аргентинаны кайрадан чемпиондуктун башкы фаворитине айлантты. Аргентина курамасынын башкы лидери Лионель Месси.

Ал бул чемпионатта эң көп гол киргизген оюнчулардын бири. Месси жөн гана чабуулдарды жыйынтыктаган соккучу эмес, бүтүндөй команданын талаадагы башкы күчү катары кызмат кылууда. Месси гениалдуу пас же жеке чеберчилиги менен беттештин тагдырын өзгөртүп, атаандаш коргоочулардын тактикасын талкалап келет. Өзүнүн акыркы дүйнө чемпионатында ойноп жатканына карабастан, 39 жаштагы легенда талаада болуп көрбөгөндөй энергия, эрктүүлүк жана чемпиондук духту көрсөтүүдө. Мессинин айланасына бириккен Аргентина курамасы үчүн бул финал — улуу капитандын акыркы дүйнө чемпионатын дагы бир чемпиондук таажы менен жыйынтыктоо мүмкүнчүлүгү.
Кыргызстандагы футбол сүйүүчүлөрүнүн дээрлик 80%дан ашыгы так ушул Лионель Месси менен Португалия курама командасынын, жалпы эле дүйнөлүк футболдогу лидер Криштиану Роналдунун улуу тиреши аркылуу футбол ааламына кадам ташташкан.

Бул турнир Роналду үчүн да өзгөчө, тарыхый мааниге ээ болду. Карьерасында мүмкүн болгон көптөгөн кубокторду багынтып, футбол дүйнөсүнүн туу чокусуна чыккан 41 жаштагы легенда үчүн бул — өз өмүрүндөгү 6-чы жана акыркы дүйнө чемпионаты эле. Ал Португалия курамасын кайрадан алдыга сүйрөп, ар бир беттеште акыркы күчүнө чейин күрөштү.
Бирок тилекке каршы, футбол кээде эң улуу жылдыздарга да ырайым кылбайт. Плей-офф этабындагы беттеште Португалия утулуп, мелдештеги жүрүшүн аяктоого мажбур болду. Ошондо, бүткүл карьерасын жеңишке арнап, катуу мүнөзү менен белгилүү болгон Роналду өз эмоциясын жашыра алган жок. Калыстын соңку ышкырыгы жаңырары менен, анын көзүнө жаш тегеренип, талаадан ыйлап чыгып бараткан сүрөтү миллиондогон күйөрмандардын жүрөгүн сыздатты.

Бул жаш — жөн гана жеңилүүнүн ачуусу эмес эле. Улуу доор менен коштошуунун көз жашы болчу. Роналду дүйнө чемпиону боло албаса да, өзүнүн майтарылбас эрки, темирдей тартиби жана талаадагы эрдиги менен кыргыз күйөрмандарынын жана дүйнө элинин жүрөгүндө түбөлүктүү чемпион катары калды.
Өзбекстандын чемпионатка катышуусу Борбор Азиядагы тарыхый бурулуш
Өзбекстан курама командасы өз тарыхында да, Борбор Азия аймагынын тарыхында да биринчи жолу быйылкы дүйнө чемпионатына катышты.

Коңшу өлкөнүн дүйнө чемпионатына катышуусун бүтүндөй чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн күйөрмандары, анын ичинде кыргыз эли да зор сыймык жана толкундануу менен кабыл алышты. Борбор Азия калкы бир тууган коңшунун оюнчуларына чын жүрөктөн жан тартып, ар бир беттешин сыналгы четинде сүрөөнгө алып, чыдамсыздык менен көрүштү.

Мелдеш учурунда Өзбекстандын ар бир ийгилиги, талаадагы ар бир голу чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн жарандарын бир муштумга бириктирди. Бул тарыхый катышуу жөн гана спорттук жетишкендик болбостон, Борбор Азия элдеринин ынтымагын чыңдап, региондо футболдун жаңы доору башталганын бүткүл дүйнөгө көрсөттү.
Кыргызстанда футболдун жаңы доору: Чоң аракеттер жана үмүттөр
Коңшу өлкөлөрдүн ийгилиги жана өлкө жарандарынын футболго болгон чексиз сүйүүсү Кыргызстанда да бул спорттун түрүн мамлекеттик деңгээлге көтөрдү. Бишкек шаарында ФИФАнын эң жогорку стандарттарына жооп берген жана Борбор Азиядагы эң чоң “Бишкек Арена” стадиону курулууда. Стадион 51 миңден ашык адамды батыра алат. Курулушу аяктаса ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарында футбол стадиондору жаңыланып, спортчулар үчүн эле эмес, күйөрмандар үчүн дагы заманбап шарттар түзүлүүдө.

Ошондой эле “Барселона” академиясы сыяктуу долбоорлор кыргыз балдарына профессионалдык деңгээлде билим алууга мүмкүнчүлүк жаратты. Бул келечекте улуттук кураманы дүйнөлүк деңгээлге алып чыга турган негизги кадам.
Улуттук курама командабыздын Азия чемпионаттарында туруктуу ойноп, өлкө бийлигинин футболду өнүктүрүүгө олуттуу карап, бюджеттен ири каражаттардын бөлүнүп жатканы кыргыз күйөрмандарына чоң үмүт тартуулоодо.

Финалдык беттеш Бишкек менен Ошто чоң экранда көрсөтүлөт
Жогоруда айтылгандай Кыргызстандык күйөрмандар үчүн гана эмес, бүтүндөй футбол дүйнөсүнүн эң башкы окуясы болгон дүйнө чемпионатынын чечүүчү финалдык беттеши Бишкек менен Ош шаарларынын борбордук аянттарында чоң экранда көрсөтүлөт.
Бишкек шаарында финалдык оюнду көрүү үчүн аянтка жогорку сапаттагы чоң LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат.
Түз көрсөтүү башталганга чейин кызыктуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалган. Сахнада Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлер өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Мындан тышкары интерактивдүү аянтчалар, кызыктуу сынактар, баалуу белектердин ойнотулушу, ошондой эле түрдүү тамак-аштар жана сергитүүчү суусундуктар сунушталган фуд-корт уюштурулат.