Digital Almaty форуму жылдан-жылга кызыктуу болуп баратат - Данияр Амангелдиев

Коом 31 январь 2025 13:30
WhatsApp_Image_2025-01-31_at_12.37.06.original.jpg
photo_53236140168426.original.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2025-01-31_at_12.37.06.original.jpg
photo_53236140168426.original.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Digital Almaty форуму санариптик технологияларды жана инновацияларды талкуулоо үчүн салттуу аянтча болуп калды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бул иш-чарада өзгөчө жасалма интеллект жана аны түрдүү тармактарда ишке ашыруу жаатында көптөгөн кызыктуу чечимдер сунушталган.

«Менин оюмча, бул жылы да форум кызыктуу болот», - деп белгиледи ал.

Эске салсак, бүгүн Алматыда Digital Almaty 2025: Industrial AI – жаңы доордун технологиялары VII Эл аралык форуму өтүүдө.