Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев учурда парламент жаңы эреженин алкагында иш алып барып жатканын бүгүнкү жыйында билдирди.
Анын айтымында, мурда иш сапарларга төрагага жакын 5-6 киши эле бара турган болсо, азыр толук түрдө топтор өзү чечет.
“Азыр жаңы эреженин алкагында жумушубузду алып барып жатабыз. Ал кайсы эрежелер? Ошол эле чет өлкөлөргө чыга турган биздин иш сапарлар боюнча, жашырганда эмне мурда төрага өзүнүн 5-6 баласы менен эле бара турган болсо, азыр толук түрдө депутаттык топтор өзү чечет. Топтор өзү суурулуп келип, экономика жагы болсо экономика, экология жагы болсо экология, юрист болсо юрист багытына өзүңүздөр тандап берип жатасыздар. Мен ойлойм бул биздин парламенттин жаңы бир эрежелеринин бири. Адилеттүүлүк, айкындык, ачыктык жана ошондой эле бөлүнүүгө жол жок деген ураандардын биринчи кадамдары деп айтсам жаңылышпайм”,- деди төрага.