Депутат: Соода борборлорундагы оюн аянтчаларында балдар көп жаракат алууда

Жогорку Кеңеш Загрузка... 13 Май 2026 12:10
hq720_SAcFvbF.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков соода борборлорундагы оюн аянтчаларында балдардын жаракат алуу көйгөйүнө көңүл бурду.

Эл өкүлү Шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин маалыматына таянып, күн сайын аталган медициналык мекемеге түрдүү жаракат алган 450гө жакын бала түшүп жатканын билдирди.

"Көптөгөн балдар соода борборлорундагы оюн зоналарында ойноп жатып жаракат алууда. Ал жерлерде тез жардам көрсөтө турган медициналык кызматкерлер жок. Эгерде мындай статистика сакталып кала берсе, биз каякка барабыз?" - деп белгиледи депутат.

Буга байланыштуу Өмүрзаков аталган объектилерде коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүү жана оюн аянтчаларында медицина кызматкерлеринин милдеттүү түрдө болушун киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.