Депутат мектеп менен бала бакчалардын коопсуздугун камсыздоо үчүн өзүнчө каражат бөлүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 05 Февраль 2025 10:44
okhrana.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мектептердин жана бала бакчалардын коопсуздугун камсыздоого өзүнчө каражат бөлүүнү сунуштады.

Депутат бүгүн парламенттин жыйынында акыркы айларда мектептерде балдардын улуулар тарабынан сабалышы боюнча бир катар окуялар болгонун белгиледи.

Ал Билим берүү жана илим министрлиги менен Финансы министрлигинен билим берүү мекемелеринин коопсуздугун камсыздоого каралган бюджеттик каражаттардын көлөмү боюнча жооп берүүнү суранды.

Депутат белгилегендей, дүйнөлүк практикада билим берүү тармагына бөлүнгөн жалпы каражаттын 4 пайызы коопсуздукка, анын ичинде видеокамералар, коопсуздук кызматтары, балдарды ташууга каралган.

Ошондой эле Абакиров килограммы 60 сомдон ашкан картошканын баасына көңүл буруп, жазгы талаа иштерине дыйкан-фермерлерди күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселесинин маанилүүлүгүн белгиледи.