Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев эл аралык протокол системасында кадрларды тандоо маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Эл өкүлүнүн айтымында, дипломатия тармагында тийиштүү даярдыгы жана кесипкөйлүк жөндөмү бар адистер гана иштеши шарт. Ал кадрларга коюлган негизги талаптардын бири катары — дипломат бара жаткан өлкөнүн тилин мыкты билүүсү зарыл экенин өзгөчө баса белгиледи.