Деңиз соодасына жол ачылат: Жогорку Кеңеште жаңы кодекс колдоо тапты

Жогорку Кеңеш Загрузка... 23 Апрель 2026 13:10
5.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" кодексинин долбоору, "Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору I окууда каралып, кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Жыйында аталган кодекстин жана мыйзамдын долбоорлорун экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов тааныштырып, алар соода деңизде сүзүү чөйрөсүн жөнгө салуу үчүн комплекстүү укуктук базаны түзүүгө багытталганын айтты. Ошондой эле деңизге түз чыгуусу жок мамлекет катары ачык деңизге жетүү жана эл аралык укукка ылайык деңиз соодасынын эркиндигин пайдалануу укугун ишке ашыруу максатын көздөйт.

Талкуу маалында депутаттар сунушталып жаткан кодекс менен мыйзам долбоорлорун колдоп, Кыргызстан деңизге түз чыгуусу жок мамлекет болгонуна карабастан, тиешелүү укуктук базаны түзүү өлкөнүн эл аралык соодадагы аброюн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн билдиришти.

Муну менен катар жаңы логистикалык багыттарды издөө, алыскы мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жаатында да аталган демилгелердин мааниси чоң экени айтылды.