Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунун биринчи этабын быйыл жыл аягына чейин аяктоо пландалууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, бул убакытка чейин "Жыргалаң" шаарчасында бир нече чакырым асма жолдор курулуп бүтөт. Планга ылайык, "Жыргалаң", "Ак-Булак" жана "Боз-Учук" курортторун кошкондо жалпы узундугу 250 чакырымга жакын лыжа трассалары курулат.
"Биринчи аукциондо сатылган лоттор боюнча курулуш иштери башталган. 2-3 мейманкананын котлованы казылган. Жыргалаңда кыш 7 айга созулгандыктан, азырынча курулуш иштери токтоп турат. Апрель айынан тарта ишкерлер кайра иштерди улантмакчы. Эки асма жолду кура турган австриялык Doppelmayr компаниясы менен былтыр келишимге кол коюлган. Алар иштерди май айында бүткөрүп берет. Эки асма жолдун узундугу 4 чакырымга созулат. Бир ай мурда аталган компания менен дагы 4 чакырым асма жолду куруу боюнча келишимге кол коюлду. Декабрь айына чейин иштерди бүтүрүп беришет. Президент койгон тапшырмаларды аткарып, биз "Жыргалаң" туристтик шаарчасынын биринчи этабын декабрь айында бүткөрүү боюнча бардык аракеттерди көрүп жатабыз", — деп белгиледи Максүтов.
Анын пикиринде, "Ала-Тоо Резорт" долбоору толугу менен ишке ашкандан кийин 7 миңге жакын жумуш орду түзүлөт. Курорттор жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат. "Жыргалаң" шаарчасында 5 жылдыздуу отелдер, Скандинавия стилиндеги мейманканалар, VIP-коттедждер, этношаарчадагы үйлөр сыяктуу объектилер болот.
"Биринчи аукциондогу лоттордун баарын жергиликтүү инвесторлор утуп алышкан", — деди ал.
Эске салсак, долбоорду ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө алган президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн туризми жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп келет.