Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Билим берүүдөгү инновациялар: иш берүүчүлөр жана бизнес-ассоциациялар – формалдык эмес билим берүүнүн өнүгүшү жана өзгөрүүсүнүн кыймылдаткычы" аттуу улуттук форум өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Форумга экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов катышып, ийкемдүү окутуу форматтары бизнеске рынок талаптарына ылайык кадрларды даярдоого шарт түзөрүн белгиледи.
Форумда формалдык эмес билим берүүнүн жумушчу күчүн, бизнести жана кызматкерлерди өнүктүрүүдөгү ролу, анын стратегиялык документтерге шайкештиги каралды. Иш берүүчүлөрдүн формалдык эмес окутуу аркылуу кызматкерлердин көндүмдөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы, бул багыттагы улуттук жана эл аралык ийгиликтүү тажрыйбалар жана алардын өндүрүмдүүлүккө, карьералык өсүшкө тийгизген таасири талкууланды.
Формалдык эмес билим берүү программаларын ишке ашырууда кезиккен тоскоолдуктарды аныктоо жана аларды чечүү жолдорун табуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле форум иш берүүчүлөрдүн, билим берүү жаатында иш алып барган мекемелердин жана тармактык ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана формалдык эмес кесиптик билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн аянтча болуп калды.
"Кыргызстандын эмгек рыногу жумушчу күчүн өнүктүрүүдө жаңыча ыкмаларды талап кылууда. Формалдуу кесиптик билим берүү негизги ролун сактап турганы менен ал көп учурда өзгөрүп жаткан эмгек шарттарына ыкчам жооп бере албайт. Ал эми формалдуу эмес билим берүү жумушсуздар жана төмөн квалификациялуу кызматкерлер үчүн кыска мөөнөттүү, максаттуу окутууну камсыздап, эмгек рыногунун талаптарына тез ылайыкташууга мүмкүндүк берет.
Айрыкча иш берүүчүлөрдүн түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыккан инновациялык окутуу ыкмалары билим берүүнү жеткиликтүү, ийкемдүү жана эмгек рыногунун реалдуулугуна шайкеш кылат", - деди ал.
Белгиленгендей, форумду Экономика министрлиги Швейцариянын "Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоору менен биргеликте уюштурду. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.