Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын кум" эс алуу жайынын аймагында Ысык-Көлдүн суу астындагы бөлүгүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-сентябрда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жалпы салмагы 1000 кг болгон ар кандай таштандылар чыгарылды.
Иштерге ӨКМдин 15 суучулу тартылып, алар көлдү таштандылардан тазалоону улантууда.