Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө 13 өлкөнүн суучулдары катышкан XIII эл аралык тренинг башталды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, 12 күнгө созула турган окуу Ысык-Көлдөгү Суучулдар борборунда өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар теориялык жана практикалык машыгуулардан өтүп, кесиптик чеберчилигин жогорулатышат.
Тренингдин ачылышында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов катышуучуларга ийгилик каалап, мындай иш-чаралар тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.
Окуунун жыйынтыгында чет өлкөлүк суучулдарга сертификаттар жана Эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бекитилген "Жеке суучулдун китеби" тапшырылат.