Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Сары-Жаз жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу жүрүп жатат.
Мэриядан билдиришкендей, жаңы өтмөк жөө жүргүнчүлөрдүн жолду коопсуз кесип өтүүсүнө шарт түзүп, бул тилкедеги жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Учурда объектте курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө.