Чүй жана Талас облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом 25 март 2025 16:07
Чүй жана Талас облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлуп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 26-27-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Белгиленгендей, мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.