Чүй проспектиси жана Фучик көчөсү жарыктандырылды

Коом 29 август 2026 10:10
Чүй проспектиси жана Фучик көчөсү жарыктандырылды

Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер аяктады.

Мэриядан билдиришкендей, ”Бишкекжарык“ муниципалдык ишканасы Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүндөгү, ошондой эле Фучик көчөсүнүн Чүй проспектисинен ”Аска-Таш” мемориалдык комплексине чейинки тилкесиндеги жарыктандыруу инфраструктурасын толугу менен жаңылады.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында адистер 177 жаңы мамы жана 362 заманбап, кубаттуу чырак орнотуп, 7 470 метр кабелдик линия тартышты.